Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Минскиде кайрадан митингдер өтүп жатат


Москвага каршы жүрүш. Минск. 8-декабрь, 2019-жыл.
Москвага каршы жүрүш. Минск. 8-декабрь, 2019-жыл.

Орусия менен тыгыз интеграцияга каршы нааразылык акциясы 21-декабрда Минск шаарында өттү. Эки саатка жакын созулган митингде "Беларус өкмөтү өлкө эгемендигин газ менен мунайга алмаштырды" деп айыптаган резолюция кабыл алынды.

Бул митинг декабрь айындагы Орусия менен интеграцияга каршы өткөн төртүнчү митинг болду. 20-декабрда 1500 кишинин катышуусунда өткөн акция митингдердин эң ириси деп айтылды.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко эки өлкөнүн тыгыз кызматташтыгы үчүн "Жол картасын" талкуулоо максатында Санкт-Петербург шаарында жолуккан. Бирок 31 келишимдин үчөө боюнча (газ, мунай жана салыктар тууралуу келишимдер) тараптар бир пикирге келе алышкан эмес. Акыркы сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн лидерлери 7-декабрда Сочиде келише албай койгондон кийин башталган.

XS
SM
MD
LG