23-декабрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында кар борошолоп жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…-8;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -10…-15 градус суук болот.
Бишкек шаарында 23-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт, күндүз күн ачык болот.