Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Өзбекстанда парламенттик шайлоого беш партия катышууда


Президент Шавкат Мирзиёев добуш берүүдө. 22-декабрь, 2019-жыл.
Президент Шавкат Мирзиёев добуш берүүдө. 22-декабрь, 2019-жыл.

22-декабрда өтүп жаткан парламенттик шайлоо президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден берки алгачкы шайлоо. 2016-жылы мамлекет башына келгенде Мирзиёев реформаларды жүргүзүүгө убада берген. Бүгүнкү шайлоого беш саясий партия катышууда. Шайлоо "Жаңы Өзбекстан - жаңы шайлоо!"деген ураандын алдында өтүп жатат.

Шавкат Мирзиёев Ташкендеги Улугбек районуна жайгашкан 162-шайлоо участогуна үй-бүлөсү менен келип, добуш берди. Аны аскерлер коштоп жүрүштү. Мирзиёев менен кошо кичүү күйөө баласы, президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Отабек Умаров жана дагы бир күйөө баласы, президенттик админстрациянын башчысынын биринчи орун басары Ойбек Турсунов да добуш беришти.

Оппозициялык партиялардын бири да шайлоого катышкан жок. Бүгүнкү шайлоодо быйыл каттоодон өткөн "Өзбекстандын экологиялык кыймылы" деп аталган партия алгачкы ирет ат салышууда. Аталган партия Өзбекстанда атомдук электр станциясынын курулушун кубаттап, муну менен сын пикирге кабылган.

Учурда парламентте Өзбекстандын либерал-демократиялык партиясы 52 орунду ээлейт. Бул - 150 мүчөсү бар Олий Мажлистеги эң көп орун. Андан кийин "Милли Тикланиш" ("Улуттук кайра жаралуу") партиясы 36 орун менен турат.

Өзбекстандагы шайлоого арналган баяндамасында ЕККУ мурдагы шайлоолордогу айрым өзгөчөлүктөр сакталып калганын билдирген. Алардын ичинен жаңы партияларды каттоодогу соттошуулар акыйкат шайлоого жолтоо болуп жатканы айтылган. Уюм шайлоо өнөктүгү да эл аралык талаптарга туура келбегенин белгилеп, "саясий партиялардын жарнамалары өтө аз болгонун" билдирген.

XS
SM
MD
LG