Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:25

Президент: электр тармагындагы кызматтын сапаты оңолууда


Президент Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Анын кайрылуусу президенттин сайтында жарыяланды. Мамлекет башчынын кайрылуусунда учурда гидроэлектростанциялардын кубаттуулугун көбөйтүү боюнча активдүү иштер жасалып жатканына белгилеген.

“Электр тармактарын реконструкциялоо улантылып, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырып жатат. Кыргызстанда электр энергиясынын альтернативдүү булактарын тез өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлдү. Жаңы улуттук энергетикалык долбоорлор ишке ашырылууда” – деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Жээнбеков өлкөдөгү жалпы энергетиктерге ыраазычылык билдирет.

Кыргызстанда 22-декабрь энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлердин күнү катары белгиленет. “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын 100% акциясына мамлекет ээлик кылат. Токтогул ГЭСи баштаган бардык ГЭСтер, энергетикалык ишканалардын 100% акциясы Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында. «Улуттук энергохолдинг» 2016-жылы түзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG