Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:15

Гонконгдо Шинжаңдагы уйгур азчылыгын колдогон акция болду


Гонконгдогу нааразылык акциясы. 15-декабрь, 2019-жыл
Гонконгдогу нааразылык акциясы. 15-декабрь, 2019-жыл

Гонконг полициясы Шинжаңдагы уйгур азчылыгын колдогон акциянын катышуучулары менен кагылыша кетти. Маалымат агенттиктери кабарлашкандай, тартип коргоочулары Кытайдын желегин өрттөөгө аракеттенген демонстранттарды кармап кетишти.

Мусулман азчылыктары куугунтукталып жатканы тууралуу маалыматтар көбөйгөн сайын Бээжин эл аралык коомчулуктун кысымына туш болуп келатат. Гонконгдун өзүндө болсо Кытайдын таасирине каршы бир нече айдан бери нааразылык акциялары уланып келатат. Айрым демонстранттар Шинжаңдагы көз карандысыздык кыймылынын желектерин көтөрүп чыгышты.

Кытай бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин айтып, уйгурлар жана башка мусулмандар кармалган лагерлерди "Кесип жана тил үйрөтүүчү борбор" деп атап келатат.

XS
SM
MD
LG