Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:42

Моди жарандык жөнүндө мыйзамды коргоду


Нарендра Моди. Дели, 15-август, 2019-жыл
Нарендра Моди. Дели, 15-август, 2019-жыл

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди өлкөдөгү мусулмандар жарандык жөнүндө жаңы мыйзамдан чочулабашы керек деп билдирди. "Мыйзам мусулмандарга каршы багытталган" деген кооптонуу нааразылык толкунун пайда кылган.

22-декабрда Делиде башкаруудагы партиянын жыйынында премьер "бул документ Индиядагы 1,3 миллион мусулманга тиешеси жок, алардын абалы өзгөрбөйт деп ишендире алам”, - деди.

Жободо Ооганстандан, Пакистандан жана Бангладештен келген мусулман эмес мыйзамсыз мигранттарга жарандык жеңилдетилген шартта берилери каралган.

Демонстранттар менен полициянын кагылышууларында 23 киши өлдү.

Нааразылыкка чыккандардын бир бөлүгү бул мыйзам мусулмандардын укугун чектеп, аларды обочодо калтырып коёт деп эсептейт. Башкалары документ миграциянын агымын күчөтөт деп нааразы болуп жатышат.

Индияда 200 миллионго чукул адам ислам динин карманат. Оппоненттер бул мыйзамды премьер-министр Нарендра Модинин инду улутундагыларга артыкчылык берген саясатынын бир бөлүгү катары эсептешет. Бирок Модинин башкаруудагы партиясы бул документ диний "куугунтуктан" качкандарга гана башкалка берүүнү көздөрүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG