Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:14

2019-жылы кыргыз спортчулары 1306 медаль утту


Балбандар Айсулуу Тыныбековага, Улугбек Жолдошбековго, паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаевге, паратриатлончу Жалалдин Абдувалиевге, кикбоксчу Авазбек Аманбековго жана улуттук спорт түрлөрүнөн Бектурган Кожомуратовго 2019-жылы спорт тармагындагы жетишкендиги үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги атайын сыйлактарды тапшырды. Алар "Жылдын мыкты спортчулары" аталышты.

23-декабрда Бишкекте өткөн иш-чарада спортчулардын машыктыруучуларына да атайын сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле бир катар спортчуларга өкмөттүн сыйлыктары да ыйгарылды.

Расмий маалыматка ылайык, 2019-жылы кыргыз спортчулары жалпысынан 1306 медаль утушкан. Анын 442си алтын, 367 күмүш жана 497 коло медалдар.

Жыл ичинде спорт агенттиги 1480 спортчуга 36 миллион 220 миң сом өлчөмүндө стипендия берген.

Учурда кыргызстандык спортчулар 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына төрт жолдомо алды. Алар: балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлетчилер Юлия Андреева менен Дарья Маслова.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин билдиришинче, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына 20га жакын спортчунун лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар.(GT)

XS
SM
MD
LG