Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Экс-мэрлердин соту: Ибраимов 15 жылга кесилди, Кулматовго айыппул салынды (видео)


Өкүм окулуп жаткан кез.
Өкүм окулуп жаткан кез.

Бишкектин Ленин райондук сотунда 23-декабрда мурдагы мэрлер Албек Ибраимовго жана Кубанычбек Кулматовго өкүм чыгып, судья Кубанычбек Касымбеков аны окуп берди.

Ибраимов 15 жылга кесилди, Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, абактан бошотулду.

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов ушул күнү акыркы сөзүн сүйлөп, кылмыш иштерди куру доомат деп мүнөздөшкөн.

Экс-мэрлердин иштерине байланыштуу Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макенов, «Бишкек Башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Аскат Түлөбердиев, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиев, «Альто Групп» компаниясынын башчысы Кубат Шаршекеев жана башка ондон ашуун адам айыпталган. Сот аларга да айыппул салып, сот залынан бошотту.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган.

Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин айтып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып келишет. (SE\AiN)

XS
SM
MD
LG