Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин журналисттерди коргоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитети, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму, Норвегиядагы Хельсинки комитети жана Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду Кыргызстандагы коррупциялык иштерди иликтөөдөн кийин жаралган жагдайга кабатыр болгон билдирүү таратты.

Билдирүүдө "кыргыз бийлиги өкмөттөгү коррупциялык иштерди иликтеген журналисттерди, алар менен байланышы бар адвокаттарды жана активисттерди куугунтуктаганды токтотушу керек жана аларды коркутуп, опузалагандарга чукул арада чара көрүшү зарыл" деп айтылат. Билдирүүдө сөз эркиндигине кедергисин тийгизген соттук териштирүүлөр, маалымат каражаттары кабылган кибер чабуул, укук коргоочуларды коркуткан учурлар белгиленген.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө жарыяланган.

Буга байланыштуу Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов жана анын жакындары "Азаттык" радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, алардан моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камоого койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер камоодон чыгарылган.

XS
SM
MD
LG