Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Ооганстанда АКШнын бир аскери ажал тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын аскер жетекчилиги өлгөн жоокердин аты-жөнү жана окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат тараткан жок. AFP маалымат агенттиги бул кол салууну "Талибан" куралдуу кыймылы уюштурганын мойнуна алганын жазды. Анда аталган уюмдун өкүлү Забихулла Мужахид "WhatsApp" аркылуу жоочулар Кундуз провинциясында Чара-Дара районунда америкалык унааны жардырып жиберишкенин айтып берген. Ооганстанда куралдуу кагылыштарда, кол салууларда быйыл жыл башынан бери 20 чет өлкөлүк аскер набыт болду. Бул өлкөдө 18 жылдан бери токтобой жаткан согушта АКШ 2400дөн ашык аскерин жоготту.

Ушул тушта Ооганстанда Вашингтон жетекчилик кылган НАТОнун 20 миңдей аскери бар жана алардын 12-14 миңдейин америкалыктар түзөт.

Декабрдын башында АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад «Талибан» кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүндө «кыска тынугуу» жарыяланганын билдирген. Анын алдында талиб согушкерлери Баграмда америкалык негизги аскердик базанын жанында кош жардыруу уюштурушкан. Кол салуудан оогандык эки киши мүрт кетип, 70тен көп киши, анын ичинде грузиялык беш аскер жарадар болгон.

Талибдердин бул карасанатайлыгы Вашингтон «Талибан» менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү кайра жанданта баштаган учурга туура келген. Мындан үч ай мурун АКШ президенти Дональд Трамп ооган жергесиндеги 18 жылдык согушка чекит коюуну максат кылган сүйлөшүүлөрдү бир тараптуу токтотуп койгон болчу.

XS
SM
MD
LG