Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:31

Чек арачы Муминовго ыйгарылган "Эрдик" медалы жубайына тапшырылды


Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда курман болгон аскер Равшан Муминовго ыйгарылган мамлекеттик "Эрдик" медалы анын жубайына тапшырылды.

23-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун жесири Мухайё Муминованы кабыл алды.

Мамлекет башчы Муминовага көңүл айтып, Равшан Муминов мекен чегин коргоо учурунда өз өмүрүн берип, баатырдык кылганын белгиледи.

Президент курман болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө мамлекет колдоо көрсөтүп турарын кошумчалады.

Кыргыз-тажик чек арасында 2019-жылдын 16-сентябрында болгон атышууда кыргызстандык чек арачы, 41 жаштагы Равшан Муминов окко учкан. Артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов Исфана шаарында жашаган.

Өкмөт Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алуу үчүн 2 млн. сом бөлгөн.

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG