Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Өзбекстан менен Казакстан Кожо Ахмет Ясави тууралуу тасма тартышат


Кожо Ахмет Ясавинин Казакстандагы күмбөзү.
Кожо Ахмет Ясавинин Казакстандагы күмбөзү.

Өзбекстан менен Казакстан Борбор Азия чөлкөмүндө алгачкылардан болуп ислам динин жайылткан Кожо Ахмет Ясави (Кул Кожо Акмат) тууралуу биргелешип көркөм тасма тартууну макулдашты. Бул тууралуу 23-декабрда Казакстандын маданият жана спорт министри Актоти Раимкулов менен "Өзбеккино" улуттук агенттигинин башкы директору Фирдавс Абдухаликовдун жолугушуусунда белгилүү болду. Аталган агенттик тараткан билдирүүдө "бул тасма эки өлкөнүн маданий жана тарыхый алака-катышын чыңдоого өбөлгө болот жана кинематография жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошот" деп айтылат.

Айрым бир тарыхый булактарга ылайык, Кожо Ахмет Ясави 1105-жылы азыркы Казакстандын Сайрам деген жеринде туулган, бирок түпкү теги кайсы улуттан экенин так айтуу кыйын. Ал Борбор Азияда ислам динин, анын ичинде суфизмди же сопулукту, такыбалыкты жайылткан.

2015-жылы Кыргызстанда “Жазылык Кул Кожо Акмат” деген китеп жарык көргөн. Китептин автору Кимсанбай Абдыразак уулу дүйнө жүзүнө таанымал сопу Кожо Акмат Яссави Кыргызстандын Өзгөн шаарында төрөлгөнүн жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG