Жалал-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү базадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
23-декабрда мурда өрт каптаган мунай сактоочу цистернаны жумушчулар аралап жаткан учурда өрт чыгып кеткен. Жалынды өчүрүүгө алты бригада тартылды.
Быйыл 10-майда Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда мунайды кайра иштетүүчү ушул эле ишканада өрт чыккан. Анда ишкана болжол менен 65 млн. сомдук чыгымга учураганы айтылган. Мунайды кайра иштетүүдөн алынган даяр өндүрүм, бир цистернадагы дизел күйгөн.
Андан сырткары күйүүчү май ташыган МАН үлгүсүндөгү машине да өрттөнгөн. Өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад жана Ош шаарларынан биригип ондон ашык бригада жана 550гө чукул кызматкер тартылган эле. (RsK)