Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

“Левада”: орусиялыктардын 43% жашоосу начар экенин айтышты


"Левада" борбору жүргүзгөн социалдык сурамжылоодо орусиялыктардын 43% 2019-жылы жашоо деңгээли төмөндөгөнүн айтышкан.

Сурамжылоого катышкан орусиялыктардын 49% экология көйгөйү курчуганын айткан. 3% ашыгы өткөн жылга салыштырмалуу оорукана жана бейтапканаларда иш начарлады деп эсептешет. 13% 2018-жылга караганда жашоо-шарт оңолгонун айтышкан.

"Левада" борбору 12-декабрдан 18-декабрга чейин сурамжылоо жүргүзгөн. Изилдөөгө Орусиянын 50 субъектисинин 137 конушунан 1,5 миңдей адам катышкан. Бирок Ростаттын дүйшөмбү күнү жарыялаган маалыматында орусиялыктар жаңы жыл майрамына 2018-жылга салыштырмалуу каражатты 3% көп чыгымдаганы айтылат.

XS
SM
MD
LG