Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Дүйшөмбүдө "Central Asia's Got Talent" сынагынын жеңүүчүсүн шаң менен тосуп алышты


Казакстанда өткөн эл аралык "Central Asia's Got Talent" сынагынын баш байгесин жеңип алган тажик ырчысы Чоршанбе Аловатов мекенине кайтып келди. Аны Дүйшөмбү аэропортунда жакындары, журналисттер жана көптөгөн күйөрмандары тосуп алышты.

22-декабрда Нур-Султанда өткөн жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатында Аловатовго баш байге — 10 миллион теңге (26 миң доллар) тапшырылды.

"Central Asia's Got Talent" сынагынын финалдык бөлүгүнө 12 аткаруучу катышкан. Анда Чоршанбе Аловатов итальян жана тажик тилиндеги ырларды аткарган.

21 жаштагы жаш ырчы учурда Мирзо Турсун-заде атындагы Тажик мамлекеттик искусство институтунун студенти.

"Central Asia’s Got Talent" – Улуу Британиядагы "Britain's Got Talent" телешоусунун аналогу. Ушундай эле форматтагы берүүлөр дүйнөнүн дагы 70тен ашык өлкөсүндө тартылып келет. "Got Talent" реалити-шоунун дүйнөдөгү эң ийгиликтүү форматы катары "Гиннестин рекорддор китебине" кирген.

Сынактын Борбор Азия үчүн уюштурулган версиясы быйыл сентябрда башталып, ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандын жарандары катышышты.

Чоршанбе Аловатовдун сынактын тандоо тепкичтеринин биринде ырдаган учуру:

XS
SM
MD
LG