Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев берген маалыматка ылайык, 23-декабрда Ноокат районунун Баглан айылындагы көмүр кенин суу каптаган.
Анын айынан Кызыл-Кыя шаарынын 25 жаштагы тургуну суу астында калган.
Шахтадагы башка жумушчулар качып чыгууга үлгүргөн. Учурда шахтадагы техникалык коопсуздук боюнча милиция териштирүү ишин баштады. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда көмүр шахтасындагы сууну сордуруу иштери жүрүп жатат. (MdN)