Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:13

Жалал-Абаддагы санаторияда эки айдан бери кызматкерлерге маяна бериле элек


Жалал-Абад курорту.
Жалал-Абад курорту.

Жалал-Абад санаториясынын кызматкерлери ноябрь айынан тарта маянасын ала албай жатканын “Азаттыкка” билдиришти. Мындан сырткары октябрь айында кесиптик кошуундардын майрамында каралган сыйлык акыларын да алыша элек.

Аталган санаториянын жетекчиси Максат Абышкаев бул жагдайды Кесиптик кошуундар федерациясы каражат которбой жатканы менен байланыштырды.

- Жылдын акырында эс алуучулардын баары жолдонмо менен келип, накталай акча жүгүртүү дээрлик болбой жатат. Мындан сырткары кесиптик кошуундар федерациясы да санаторияга 12 млн. сом карызын которбой жатат. Мындан улам жыл этегинде бизде каржылык жетишпестик орун алууда. Бирок ага карабай биз өз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша 25-декабрга чейин кызматкерлердин ноябрдагы айлыгын толук берүүнү пландап жатабыз. Ал эми октябрь айындагы сыйлык акы боюнча азырынча буйрук чыга элек, – деди Абышкаев.

Жалал-Абад санаториясында 175 кызматкер эмгектенет. Быйыл жумушчулардын маянасы 25% көтөрүлүп, орточо эмгек акы 9 миң сомдун айланасында болууда. Санаториянын жылдык кирешеси быйыл 90 млн. сомдон ашты. 300 орунга ылайыкташкан жайдан жылына 10 миңден ашуун адам эс алып кетет. (RsK)

XS
SM
MD
LG