Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

УКМК: Кенжебаевдин иши ИИМге өткөрүлөт


Сыргак Кенжебаев
Сыргак Кенжебаев

Сыргак Кенжебаевге карата алдамчылыкка байланыштуу козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) Ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүлөт. Атайын кызмат 23-декабрда бул маселени кароо үчүн тийиштүү маалыматтар Башкы прокуратурага жиберилгенин билдирди.

19-декабрда Алматы аэропортунда кармалып, Кыргызстанга алып келинген Сыргак Кенжебаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

Укук коргоо органдары Кенжебаев кытайлык ишкерлердин 350 миң доллар алганы жөнүндө арыз жазылганын билдиришкен. Андан башка да иштер бар экени маалымдалган.

Кенжебаевдин жубайы, Коррупцияга каршы "Үмүт 2020" кыймылынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова муну өзүнүн саясий ишмердигине байланыштырууда.

Ширин Айтматова атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы. (SE)

XS
SM
MD
LG