Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Казакстанда камалган активисттер ачкачылык жарыялашты


16-декабрдагы кармоо.
16-декабрдагы кармоо.

Казакстандын Эгемендик күнүндө Алматыда өткөн жүрүш маалында кармалып, 10-15 суткага камакка алынган 20дан ашуун адам сот чечимине нааразылык катары үч күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Бул тууралуу 23-декабрда камактагы активисттер Асхат Жексебаев менен Канат Жакупов адвокат менен жолукканда билдиришкен.

Ачкачылык жарыялагандар «Митинг уюштуруу жана өткөрүү тартиптерин бузуу» беренеси менен соттолгон бардык адамдарды бошотууну талап кылууда.

Алматы шаардык полиция департаментинин басма сөз катчысы Евгений Лысенко камактагылардын ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалыматты «ырастабай турганын» билдирди.

16-декабрда – Казакстанда 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн жана 1986-жылдагы декабрь окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасынан кийин полиция ондогон активистти кармаган. Алардын айрымдарын акция башталганга чейин эле үйлөрүнөн алып кетишкен.

XS
SM
MD
LG