Сириянын түндүгүндө Орусия жана Сирия аскерлеринин аба соккуларынын натыйжасында миңдеген адам Түркияга качып өтө баштады.
Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирип, мунун акыбети Европа үчүн аянычтуу болорун айтты.
22-январда Эрдоган 80 миңден ашуун сириялык Идлибден Түркияга сапар тартканын белгилеп, муну 2015-жылдагы миграциялык кризиске салыштырды.
Эрдоган 23-январда Сириядагы кырдаалды талкуулоо үчүн түрк делегациясы Москвага сапар тарта турганын кошумчалаган.
Орус аскерлери жана Сирия президенти Башар Асадды колдогон кошуундар өкмөткө каршы күчтөр көзөмөлдөгөн Идлибге аёосуз сокку уруп жатат.
21-декабрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусия менен Кытай Сирияга гуманиардык жардамды дагы бир жылга узартууну көздөгөн БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына вето коюп, "колу канга малынганын" билдирген.