25-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5,
Талас жергесинде түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...+2,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз -4...+1,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндуз -10...-15 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн -12...-14, күндүз 1...3 градус болот. Жаан-чачын болбойт.