Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:34

Филиппинде бороон коркунучунан улам иш токтой баштады


Филиппинде 15-сентябрдагы бороон.
Филиппинде 15-сентябрдагы бороон.

Филиппинге кезектеги тропикалык бороон жакындап, көпчүлүк үй-бүлө "Кристмас" майрамын белгилөө үчүн чогула албай жатат. Бул тууралуу "Bloomberg" басылмасы 24-декабрда кабарлады.

"Philippine Airlines" жана "Cebu Pacific" авиакомпаниялары ички каттамдарды токтотту. Жээктерде коопсуздук чаралары жарыяланды. 

Филиппиндин калкынын 80% ашууну католик болгондуктан, "Кристмас" майрамынын алдында үй-бүлө мүчөлөрү бир жерге чогулуп, майрамды чогуу тосот. 

Филиппиндин борбордук бөлүгүн "Фанфон" урааны шейшембиде жетип келери кабарланган. Бул жыл башынан бери Филиппиндеги 21-циклон. Анын ылдамдыгы саатына 125 километрге жетери айтылууда. 

 

XS
SM
MD
LG