Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ошто жемкорлордон кайтарылган акчага 500 орундуу мектептин курулушу башталды


Ош.Жаңы мектептин курулушу
Ош.Жаңы мектептин курулушу

500 орундуу мектеп Ош шаарындагы №7 Нариманов гимназия-мектебине кошумча имарат катары курулууда.

Ош шаар мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, мектептин курулушуна 54 млн. сомдон ашуун каражат жумшалат. Курулуш ишин 2020-жылдын аягына бүтүрүү пландалган. №7 Нариманов мектеби 1176 орундуу, учурда мектепте 3700 окуучу билим алат.

Депозиттик эсеп 2018-жылдын июль айында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ачылган. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Депозиттик эсептен 15 мектеп курууга каражат бөлүнгөн. Бишкек шаарына жети, Чүй облусуна жети, Ош шаарына бир мектеп курулмакчы.

XS
SM
MD
LG