Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

"Талибандын" чабуулунан бери дегенде жети ооган жоокери мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын Коргоо министрлиги өлкөнүн түндүгүндөгү Балх провинциясындагы көзөмөл бекетке "Талибан" куралдуу кыймылы кол салып, кеминде жети жоокер ажал тапканын билдирди. Коопсуздук күчтөрүнүн дагы алты кызматкери жарадар болду. Кандуу окуя таңга маал Давлат-Абад районунда орун алды. Куралдуу кол салууну "Талибан" уюштурганын мойнуна алды.

Мунун алдында америкалык бир жоокер набыт болгон. AFP маалымат агенттиги кол салууну "Талибан" куралдуу кыймылы уюштурганын мойнуна алганын жазган. Анда аталган уюмдун өкүлү Забихулла Мужахид "WhatsApp" аркылуу жоочулар Кундуз провинциясында Чара-Дара районунда америкалык автоунааны жардырып жиберишкенин айтып берген.

Декабрдын башында АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад «Талибан» кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүндө «кыска тынугуу» жарыяланганын билдирген. Анын алдында талиб согушкерлери Баграмда америкалык негизги аскердик базанын жанында кош жардыруу уюштурган. Кол салуудан оогандык эки киши мүрт кетип, 70тен көп киши, анын ичинде грузиялык беш аскер жарадар болгон.

Талибдердин бул карасанатайлыгы Вашингтон «Талибан» менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү кайра жанданта баштаган учурга туура келген. Мындан үч ай мурда АКШ президенти Дональд Трамп ооган жергесиндеги 18 жылдык согушка чекит коюуну максат кылган сүйлөшүүлөрдү бир тараптуу токтоткон.

XS
SM
MD
LG