Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 13:41

Киев менен жикчилдер жыл жаңырганча туткун алмашууну макулдашты


Киев менен жикчилдер акыркы жолу мындан туура эки жыл мурун туткун алмашкан.

Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча түзүлгөн үч тараптуу байланыш тобу ушул жылдын аягына чейин туткундарды башма баш алмашуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу украин президентинин кеңсеси 23-декабрда кабарлады. Сүйлөшүү видеоконференция форматында өттү.

Бул топтогу Украинанын өкүлү Валерия Лутковская макулдашууну төрт жылдан бери туткунда отурган жарандар үчүн "чоң бакыт" деп сыпаттады. Орусиянын чабарманы Борис Грызлов тараптар бири-бирине эч кандай шарт койбой туткун алмашуу тууралуу орток пикир табышканын бышыктады.

Киерв менен өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» («ДНР» жана «ЛНР») деп атап алган жикчилдер акыркы жолу мындан туура эки жыл мурун туткун алмашкан.

Орусия менен Украинанын президенттери ушул айдын башында Парижде "Норманд төрттүгү" форматындагы саммиттин алкагында жолукканда ушул жылдын аягына чейин бири-бириндеги туткундардын баарын өткөрүп берүү тууралуу бир пикирге келишкен.

Киев менен Москва алгачкы жолу ушул жылдын сентябрь айында туткун алмашкан. Эки өлкө бири-бирине 35тен адамды өткөрүп берген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул туткун алмашуу ишинин алгачкы гана этабы экенин айтып, Орусияда, анын ичинде Крымда абактарда отурган жарандарынын баарын алып келүүгө убада берген.

Украинанын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (омбудсмен) Людмила Денисова Орусиянын абактарында учурда 113 украин жараны отурганын, алардын басымдуу бөлүгү Крым татарлары экенин билдирген. Москва болсо Украинада канча жараны кармалып турганын тактаган эмес.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG