Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Түркмөнстанда туңгуч президентти эскерүүгө чектөө киргизилди


Буга чейин туңгуч президент өлгөн күнү аны эскерүү салт болуп калган.
Буга чейин туңгуч президент өлгөн күнү аны эскерүү салт болуп калган.

Түркмөнстанда президенттик аппараттын жана өкмөттүн өкүлдөрү, парламент спикери жана башка жогорку даражалуу аткаминерлер катышкан жабык жыйында туңгуч президент Сапармурат Ниязовду эскерүүнү чектеп-кыскартуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу "Түркмөнстан хроникасы" сайты кабарлады.

Ага ылайык, эми мындан ары Сапармурат Ниязовду эскерүү иш-чарасы Ашхабадда гана өтөт жана ал Ниязовдун эстелигине гүл коюу менен гана чектелет. Аймактагы бийлик өкүлдөрү аны эскерип, арбагына багыштап куран окуу сыяктуу диний жөрөлгөлөрдү өткөргөнгө болбойт.

Буга чейин туңгуч президент өлгөн күнү өлкөнүн бардык аймактарында ишкана-мекемелердин жетекчилери анын арбагына багыштап куран окуп, эскерүүсү салт болуп калган.

Ашхабадда Сапармурат Ниязовду соңку эскерүү иш-чарасы 21-декабрда өттү жана ага азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов катышкан жок. Өткөн жекшембиде мамлекеттик телеканалда аптаны жыйынтыктаган программада туңгуч президенттин эстелигине гүл коюу иш-чарасы тууралуу сөз болгон жок.

Сапармурат Ниязов Түркмөнстанды 1985-жылдан 2006-жылга чейин, көзү өткөнчө башкарган. 1999-жылы ал өлкөнүн түбөлүк президенти болуп калган. Ниязов бийликте турганда өзүнө "Түркмөнстандын баатыры" деген наам ыйгарган жана бир катар медаль, ордендер менен сыйлаган. Анын урматына Ашхабад баштаган бир катар шаарларда алтын жалатылган эстеликтер тургузулган жана "жеке адамдын керт башына сыйынуу" көрүнүшүн жайганы үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

XS
SM
MD
LG