Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 13:01

Москва соту тыңчылыкка шектелген Уиландын абактагы мөөнөтүн узартты


Пол Уилан былтыр жыл этегинде камалган.

Москва шаардык соту 24-декабрда камактагы америкалык жаран Пол Уиландын бөгөт чарасын карап, 29-мартка чейин тергөө абагында калтыруу тууралуу өкүм чыгарды. Мындан бир күн мурун АКШнын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Барт Горман орус бийлигине кайрылып, Уиланды бошотууга чакырган. Ал америкалык жарандын "тыңчылык" кылганы тергөөдө далилденбегенин билдирген. Горман ошондой эле Уиланды дарыгерлерге көрсөтүүгө уруксат берилишин суранган.

Бир эле учурда Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны болгон, мурдагы деңиз аскери Пол Улиан былтыр 28-декабрда кармалган. Ага америкалык атайын кызматтардын пайдасына тыңчылык кылган деген айып коюлган. Колго түшкөн маалында мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматтар табылганы айтылган.

Уилан күнөөсүн мойнуна алган эмес жана «саясаттын курмандыгы болуп калганын» айткан. Ал камакка алынган маалда АКШдагы ишкананын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеп жүргөн.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG