Алай районунун Сары-Могол айылына Памирден 11 үй-бүлө көчүп келди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова “Азаттык” радиосуна билдирди.
- 49 памирлик тууган көчүп келди. Алардын 12си мектеп окуучусу. 2020-жылы апрелде алар Талды-Суу айылына көчүрүлөт, - деди Нуркыз Кадырбекова.
Памирден келген 11 үй-бүлө учурда Сары-Могол айылындагы мектепте жашап жатат. 2020-жылдын апрель айынан баштап Алайдын Талды-Суу айылында жети үй-бүлө үчүн үй курулат.
Ош облустук администрациясы берген маалыматка ылайык, калган төрт үй-бүлөнүн турак жай маселеси чечилип жатат.
Ушул жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңеште бюджет талкууланып жаткан учурда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Памирден Кыргызстанга көчүп келген кыргыздарга үй салуу үчүн 2020-жылдын бюджетинен 17 миллион сом бөлүнөрү айтылган.
2017-жылы жаңыча жашоого ылайыкташуу үчүн Ооганстандан Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканаларга жайгаштырылган. (MdN)