Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

Юрист: Саймаитинин өлүмүн иликтөөдө түшүнүксүз жагдайлар бар


“Медиа полиси” институтунун юристи, медиа эксперт Акмат Алагушев кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөөдө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин журналисттерди суракка чакырып жатканына байланыштуу комментарий берди.

Алагушев Айеркен Саймаитинин өлүмү Жазык кодексинин "Киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен иликтенип жатканын туура эмес деп эсептейт. Юрист адамга кол салуу болуп, бирок ал тирүү калган учурда “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси колдонуларын айтты.

“Журналисттик иликтөөдөгү коррупциялык схемалар иликтенбей, эмнеге дал ушул берене менен кылмыш иши козголгону чоң суроо жаратат. Анткени журналисттин милдети - көйгөйдү көрсөтүп берүү. Ал эми мамлекет андан ары текшерип, коомго жооп бериши керек”, - деди Алагушев.

Медиа эксперт адам өлүмүнө байланыштуу ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эмес, Ички иштер министрлиги иликтеши керек экенин белгиледи. Иликтөөнүн алкагында журналисттерди күбө катары суракка алууда жүйөлүү себептер менен өлкө аймагында болбосо аны "Скайп" аркылуу жүргүзүүгө мыйзам жол бере турганын түшүндүрдү.

- Али жана Ыдырыстын жүйөлүү себептери бар. Али учурда Чехиянын борбору Прага шаарында туруктуу жашап, иштеп жатат. Ал эми Ыдырыс ал жакта кызматтык сапарда жүрөт. Эгер күбөлөр Кыргызстанда болуп, суракка келүүдөн баш тартса күч менен алып келүү колдонулат. Бирок азыркы учурда күбөлөр өлкөдө эмес, демек ал колдонулбайт. Күбөлөрдү чакыруунун негизги максаты иликтенип жаткан иш боюнча маанилүү маалыматтарды алуу, – деди Алагушев.

Юрист Жазык-процессуалдык кодекстин 514-515-беренелери боюнча Кыргызстан Чехиянын тийиштүү кызматтарына кайрылып, тергөө органдары ортосундагы укуктук жардам берүү келишиминин негизинде иш алып барса болорун айтты.

1999-жылы 21-июлда Кыргызстандын президенти кол койгон буйрукка ылайык, Чехия менен Кыргызстандын ортосунда укуктук жардам көрсөтүү келишими бар. Ушундай укуктук келишимдер менен Кыргызстанда козголгон кылмыш иштери боюнча кыргыз жараны Москвадан "Скайп" аркылуу сурак берген мисал бар экенин айтты.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен "Скайп" аркылуу же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 194-беренесине ("Дистанциялык суракка алуу") дал келбестигин маалымдаган.

Атайын кызмат Жазык-процессуалдык кодекстин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип беришин камсыз кылууну сурайбыз» деп билдирген.

УКМК «Азаттык Медиа» мекемесинин эки кызматкерин 2-декабрда күбө катары суракка чакырган. Токтакунов «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде туруктуу иштейт. Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прага шаарындагы кеңсеге кызмат сапарына жөнөтүлгөн.

«Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин белгилеп, 13-декабрда «Азаттык Медиа» мекемеси журналисттик иликтөөлөрүндө колдонулган документтердин көчүрмөсүн, аудио, видео материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Мындан тышкары күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгонуна карабастан "Скайп" аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирген.

Быйыл 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Жазык-процессуалдык кодекстин 194-беренеси:

1. Жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу аны сотко чейинки өндүрүштүн ошол эле, же ошол облустагы, анын кайсы аймагында же кайсы жеринде жашаган органына чакыруу жана видео байланыш (дистанциялык суракка алуу) режиминдеги техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Суракка алуунун жүрүшүндө тикелей көрсөтүүнүн процесстик аракетинин катышуучулары суракка алынуучу адамдын көрсөтмөлөрүн түздөн-түз кабыл алышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG