Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 00:22

Жол кыймылынын эрежелеринин жаңы редакциясы иштелип чыкты


Ички иштер министрлиги (ИИМ) даярдаган “Жол кыймылынын эрежелерин, автоунааларды пайдалануу жана жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматкерлеринин милдеттеринин жоболорун бекитүү жөнүндө” кыргыз өкмөтүнүн токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы документ жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу, автотранспорт кырсыктарын азайтуу жана айдоочу, жөө жүргүнчүлөрдүн жол жүрүү маданиятын көтөрүү максатында иштелип чыкты.

ИИМ азыркы жол эрежелери 1999-жылы кабыл алынганын белгилеп, андагы көпчүлүк терминдер моралдык жактан эскирди деп эсептейт. Башкача айтканда долбоордо жол эрежелеринен баштап, жол белгилери, айдоочулар менен инспекторлордун укуктары, автоунаанын техникалык абалын текшерүү сыяктуу көпчүлүк жоболор замандын талабына шайкеш келтирилет. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG