Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Кар көчкү баскан жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку автоунаа жолун кардан тазалоо иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, 24-декабрда кечке маал жолдун 75-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 3800 м3 кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.

Ал эми Кара-Суу районунда 21-22-декабрь күндөрү катуу жааган кардын кесепетинен Бек-Жар – Кичик, Кичик-Тээке, Тээке-Лаглан жана Лаглан-Папан ички чарбалык унаа жолдорунун айрым жерлеринде кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол жабылган. Бүгүн 25-декабрда тазалоо иштери уланып жатат.

Жолду кардан тазалоо иштери Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Кызыл-Кыя айылында да жүрүүдө. Ал жакта 21-декабрда жааган кардын жана бороондун кесепетинен ички чарбалык жолдор убактылуу жабылган.(RK)

XS
SM
MD
LG