Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Президент кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери оор болуп жатканын айтты


Тажикстан менен Кыргызстандын желектери.
Тажикстан менен Кыргызстандын желектери.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүү иштери оор болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 25-декабрда Бишкекте өткөн жылдык пресс-конференцияда айтып, сүйлөшүүлөр аягына чыга электигин белгиледи.

- Алмашчу жерлерди алмашалы, чек араны чечили, эл менен кеңешели деп жатабыз. Чек ара маселесине этият мамиле кылышыбыз керек. Мен бул боюнча күндө иштейм. Ачыгын айтканда, минада отургандай эле болуп жатабыз,- деген Жээнбеков дээрлик күнүгө кыргыз-тажик чек арасында абалды ойлоп тынчсызданарын кошумчалады.

Эки өлкө ортосундагы такталбаган жерлерде кыргызстандык жана тажикстандык жарандардын жаңжалы көп катталууда.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон 28-ноябрдагы жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты бекемдөө туурасында сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG