Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Ноокатта көмүр шахтасында калган адамдын сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка караганда, көмүр шахтасында калган адамдын сөөгү 24-декабрда кечинде табылып, жакындарына тапшырылды.

23-декабрда Ноокат районунун Баглан айылындагы көмүр кенин суу каптаган. Анын айынан Кызыл-Кыя шаарынын 25 жаштагы тургуну суу астында калган.

Шахтадагы башка жумушчулар качып чыгууга үлгүргөн. Учурда шахтадагы техникалык коопсуздук боюнча милиция териштирүү ишин жүргүзүп жатат. (MdN)

XS
SM
MD
LG