Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:14

Президент Феминнале көргөзмөсүн аялдарды мазактоо деп баалады (видео)


Көргөзмөдөгү экспонттардын айрымдары.
Көргөзмөдөгү экспонттардын айрымдары.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте ноябрда өткөн Феминнале көргөзмөсүндөгү айрым көрүнүштөрдү аялдарды маскаралоо деп баалады. Ошондой эле диний ишенимге туура келбей турганын кошумчалап, көргөзмө "туура эмес уюштурулган" деген өңүттө пикирин билдирди. Иш-чараны колдогон саясатчыларды сындады.

Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда аялдардын укуктарын жактаган 17 күндүк Феминнале көргөзмөсү ызы-чуу менен коштолгон.

Денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял социалдык тармактарда талкууга түшүп, «нарк-насилге доо кетирди» деп нааразылык күчөгөн. Андан тышкары, ич кийим элесиндеги экспонатка сын айтылган. Каршы чыккандар буга кескин чара көрүүнү талап кылышкан.

Мындан улам, 2-декабрда көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматкерлердин коопсуздугуна байланыштуу деп иштен кеткен. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көргөзмөнү сындап, парламенттин айрым депутаттары да нааразылык билдиришкен.

Мурдагы президент Роза Отунбаева көргөзмөнүн максатын колдоп, көйгөйдү көтөргөн маанилүү иш-чара экенин айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG