Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Жээнбеков: Садыр Жапаровдун маселеси бир мени менен чечилбейт (видео)


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Садыр Жапаровго ырайым берүү же бербөө маселесин жалгыз чечпейт. Бул тууралуу мамлекет башчысы 25-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча уюштурулган пресс-конференцияда айтты:

- Мен азыр Садыр Жапаров боюнча популисттик кылып сотко "Сен мындай кыл" деп айтсам туура эмес болот. Сот системасы мамлекеттин өзөгү. Системаны реформа кылып, талап кылышыбыз керек. Бирок мыйзам чегинде чечкенди үйрөтүшүбүз зарыл. Мына, биз жаңыдан келгенде, жашырганда эмне, президенттик аппарат карап, “Муну эмне кылабыз?” деп айтып жатышты. Мен “Мыйзам чегинде чечкиле, мыйзамдан чыкпагыла. Мыйзамды бузсаң жооп бересиң, сотсуңбу, ким болсоң да” деп дагы эле айтып жатам. Азыр эми бул нерсе каралып жатат. Арыз бериптир. Кандай чечилет, бир мени менен чечилбейт, аны кийин угасыңар.

2018-жылы июнь айында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 11 жыл, алты айга кесилген.

Ноябрь айында Жапаров президенттен ырайым сураганы кабарланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG