АКШнын Чикаго шаарында коюу туман 177 аба каттамынын токтотулушуна себеп болду. "Мидуэй" жана "О’Хара" аэропортторунда да 800 аба каттамы кечикти.
Кошмо Штаттардын үчүнчү ири шаарын коюу туман 24-декабрда таң эрте каптай баштаган. Натыйжада Жарандык авиация башкармалыгы каттамдарды токтото туруу чечимин кабыл алган. "О’Хара" аэропортунда мындай чектөө төрт саатка созулду.
Рождество майрамынын алдында АКШнын аэропортторунда жүргүнчүлөр адаттагыдан көп болот. Ошентсе да быйыл майрам күндөрү автоунаа менен эки жакка каттаган жарандардын саны мурдагыдан көп болоору кабарланды.
Американын автомобиль ассоциациясы майрам алдында 104 миллион америкалык машина менен жолго чыгаарын билдирген.