Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:50

Текебаев: президент өкмөт башчы кылган иштерди "мен жасадым" деди (видео)


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Сооронбай Жээнбековдун 25-декабрдагы пресс-конференциясы жөнүндө "Азаттык" радиосу менен ой бөлүштү:

- Премьер-министр кылган иштерди "мен жасадым" деп айтып берди. Мамлекет башчынын бул сөзүнөн кийин парламент өкмөттүн отчетун укканда начар болсо да, колдоп берет. Кыргызстанда Конституция иштебей жатат. Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын көз көрүнөө эле президент алып койгон.

Текебаев: Конституциялык нукка кайтышыбыз керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:32 0:00


Мамлекет башчынын 2019-жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны "Ала-Арча" резиденциясында өттү. Ага 90дон ашуун медиадан 188 кабарчы катышты. Бирок бир топ журналисттер суроо узатууга жетишпей калышты.

Президент сот реформасы, коррупция, социалдык маселелер жана башка багыттагы суроолорго үч саат аралыгында жооп берди.

Пикирлерди көрүңүз (50)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG