Тажикстандын Куляб шаарынын 27 жаштагы тургуну "жаңы жылдык балатыны өрттөөгө аракет кылган" жана "милицияга кол салган" деген айып менен кармалды. «Азаттыктын» тажик кызматы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып билдиргендей, окуя 24-декабрда болгон.
Маалыматка ылайык, Фарход Азизхон шаардын борбордук аянтындагы жаңы жылдык балатыны өрттөөгө аракет кылган. Бирок милиция кызматкери аны байкап калгандан кийин шектүү аянттан качып кеткен.
Тартип коргоо кызматкерлери аны үйүнө чейин аңдып барып, кармоого аракет кылганда Фарход Азизхон милиционерге бычак шилтеген. Милиция кызматкерлери анын куралын тартып алууга үлгүрүшкөн.
Азырынча бул маалыматты башка көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоого мүмкүн боло элек. Куляб шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Фарход Азизхондун кармалганын тастыктаганы менен себебин так айтуудан баш тарты. Шектүүнүн туугандары да окуя тууралуу маалымат берише элек.
Соңку сурамжылоолорго ылайык, Тажикстанда калктын басымдуу бөлүгү Жаңы жылды майрамдайт. Бирок жыл жаңырар алдында айрым диний топтор бул күндү майрамдабоого үндөп, бул маселе талаш-тартыш жараткан учурлар катталып жүрөт.