Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Бишкек шаардык кеңеши футбол борборуна жер бөлүп берүү маселесин карап жатат


Иллюстрациялык сүрөт. Бириккен Араб Эмираттарындагы Аль-Айн стадиону. 25,5 миң кишиге эсептелген.
Иллюстрациялык сүрөт. Бириккен Араб Эмираттарындагы Аль-Айн стадиону. 25,5 миң кишиге эсептелген.

Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында бүгүн 25-декабрда баш калаада футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралып жатат.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын өкүлү Эл аралык футбол федерациясы Бишкекте футбол академиясын куруу үчүн гранттык негизде каражат бөлгөнүн билдирди.

Футбол федерациясынын баш катчысы Нурдин Букуевдин билдиришинче, футбол академиясын курууга мамлекеттик бюджеттен каражат коробойт.

Буга чейин Футбол федерациясы курула турган Футбол борборунун макетин жарыялаган. Анда үч чоң жана алты мини футбол үчүн талаа, административдик имарат, мейманкана, медициналык борбор, бассейн жана эс алуучу жайлар салынары айтылган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Футбол федерациясы менен кошо футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну өкмөткө сунуш кылган. Мамлекет башчы бул тууралуу быйыл 24-январда улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирген. (GT)

XS
SM
MD
LG