Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн 25-декабрда Бишкек мэриясынын алдында пикет өткөрдү. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" өзү кабарлап, Жаңы жылга карата фейерверк уюштурууга каршы экенин айтты.
Токтонасыровдун пикиринде, ансыз да борбор калаада аба булганып, онкологиялык оорулуулар көбөйүп жатат:
- Канча балдар жатат ооруканада! Ыйлагың келет, жанына чыдап туруу мүмкүн эмес. Эмне үчүн мэрия акчаны сапырат?
Активисттин айтымында, анын нааразылык акциясына мэриядан эч ким көңүл бурган жок. "Ошондуктан мен мэрдин отставкасын талап кылам. Эртең бул маселени көтөрүп Экология агенттигинин алдында пикет уюштурам" деп кошумчалады Токтонасыров.
Быйыл Жаңы жылдын кечинде Ала-Тоо аянтында майрамдык программа уюштуруларын мэрия кабарлаган. Салют үчүн 800 миң сом бөлүнгөнү, тендер өткөрүлүп, жеңүүчү аныкталганы да маалымдалган. (RK)