Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Жээнбеков: жогорку айлыкты мугалимдер алышы керек


Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү тармагындагы реформа боюнча суроого жооп берип, коррупция менен күрөштүн, салык чогултуунун эсебинен мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү максаты бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 25-декабрда Бишкекте жыл жыйынтыгы боюнча өткөн пресс-конференцияда айтты.

- Жылпы реформаларга 12 млрд. сомго жакын акча кетти. Бажыдагы санариптештирүүнү аягына чыгарсак, салык системасын фискалдаштырсак, коррупциялык схемаларды токтотсок билим берүү тармагына каражатты көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк болот, - деди президент.

Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы, орто жана жогорку билим берүү мекемелеринин саны төрт миңге чамалайт. Аларда эмгектенген педагогикалык жамаат 110 миңге жакын адамды түзөт. Өкмөт сентябрь айында мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу токтомго кол койгон. Ага ылайык, билим берүү тармагынын кызматкерлеринин маянасын 30% көтөрүү тууралуу чечим 1-октябрдан тартып аткарыла баштаган.

Мамлекет башчынын 2019-жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны "Ала-Арча" резиденциясында 25-декабрда өттү. Ага 90дон ашуун медиадан 188 кабарчы катышты. Үч саатка созулган жыйында бир топ журналисттер суроо узатууга жетишпей калышты.

Президент сот реформасы, коррупция, социалдык маселелер жана башка багыттагы суроолорго үч саат аралыгында жооп берди.

XS
SM
MD
LG