Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Саясатчы Өмүрбек Текебаев бийликти сындады (видео)


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Сооронбай Жээнбековдун 25-декабрдагы пресс-конференциясы жөнүндө "Азаттык" радиосу менен ой бөлүшүп, мамлекет башчыны Баш мыйзамды бузбоого чакырды. Ал президент өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын алып алды деп сындады.

- Муну узурпация деп коёт. Бийликти коркутуу, алдоо жана башка жолдор менен бийликке тиешеси жок адамдар ээлеп алат. Конституциядан сырткары башкаруучу механизмдер болот. Ошон үчүн мен айткам: "Икрам - бул адам эмес, Икрам - бул институт". Конституциядан сырткары башкарам деген президенттин өзүнүн Икрамы, Манас Арабеаеви, Фариди болот. Атамбаевдин ыкмалары жок Конституциядан сырткары башкара албайт.

Азырынча президенттин аппараты Текебаеавдин айткандарына жооп бере элек.

Мамлекет башчынын 2019-жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны "Ала-Арча" резиденциясында өттү. Ага 90дон ашуун медиадан 188 кабарчы катышты. Бирок бир топ журналисттер суроо узатууга жетишпей калды.

Президент сот реформасы, коррупция, социалдык маселелер жана башка багыттагы суроолорго үч саат аралыгында жооп берди.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкектин четиндеги «Супара» ресторанында болгонун жүйө келтирген.

Жогорку сот 2019-жылдын 21-августунда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында.

XS
SM
MD
LG