Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Балдары Сирия жана Иракка кетип калгандар журналисттерге капа болду


Сириядагы качкындар лагери. Жамгырдан кийинки абал. Кыргызстандыктар жөнөткөн сүрөт. Ноябрь, 2019-жыл.
Сириядагы качкындар лагери. Жамгырдан кийинки абал. Кыргызстандыктар жөнөткөн сүрөт. Ноябрь, 2019-жыл.

Сириядагы согуш тутанган аймактарга жана Ирактагы жоочуларга ар кандай жолдор менен кошулуп кеткен кыргызстандыктардын ата-энелери жана туугандары президенттин пресс-конференциясына катышкан журналисттерге нааразы болушту.

Алар "Азаттык" радиосуна кайрылып, мамлекет башчынын басма сөз жыйынына барган 100дөн ашуун журналисттин бири да ал жактагы кыргыз жарандарын кайтарып келүү жаатында жүрүп жаткан иштер тууралуу суроо узатпаганына капачылыгын билдиришти.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганын, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны кыз-келиндер, көбүнүн балдары бар. Көпчүлүгү бозгундар баш калкалаган лагерлерде отурушат.

Арасында алданып барып калгандар, азгырылгандар бар экенин алардын туугандары айтып чыгып, 2019-жылдын жаз айларынан бери өздөрү да ошол жактан туруп бийликтен жардам сурай баштаган.

Өкмөт балдар жана аялдарды алып келерин август айында билдирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал жактагы кыргызстандыктардын тек-жайын тактоо уланып жатканын 2-декабрда маалымдаган.

Мамлекет башчынын 2019-жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны 25-декабрда "Ала-Арча" резиденциясында өттү. Ага 90дон ашуун медиадан 188 кабарчы катышты. Убакыт аздыгынан улам бир топ журналисттер суроо узатууга жетишпей калышты.

Президент сот реформасы, коррупция, социалдык маселелер жана башка багыттагы суроолорго үч саат аралыгында жооп берди. (SE)

XS
SM
MD
LG