Өзбекстан 1-январдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) биометрикалык паспорту (кызыл түстөгү Laissez-Passer паспорту) бар чет өлкөлүк жарандарга 30 күндүк визасыз режим киргизет.
Бул тууралуу жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев 24-декабрда кол койду.
Документке ылайык, БУУнун башка макамдагы биометрикалык паспорту (көк түстөгү Laissez-Passer паспорту) бар чет өлкөлүк жарандарга виза эки иш күндүн ичинде Өзбекстандагы кабыл алуучу тараптын катынын негизинде берилет.
Ошол эле маалда Өзбекстанга келгиси келген чет өлкөлүктөрдө жарактуу мөөнөтү БУУнун биометрикалык документтеринен кем болбогон улуттук паспорттор болушу шарт.