Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте футбол борборун куруу маселесин шаардык кеңеш эки күндөн бери талкуулап, аягына чыга албай жатат.
25-декабрдагы жыйында Федерация мэрия сунуштаган жерге макул болгон эмес.
Футбол борборун курууга шаар бийлиги үч жер тилкесин сунуш кылган.
Футбол федерациясы ал жерлер Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.
Маселе 31-декабрга чейин чечилбесе, FIFA 3,5 миллион доллар грантты башка мамлекеттерге берет.
Буга чейин Футбол федерациясы курула турган Футбол борборунун макетин жарыялаган. Анда үч чоң жана алты мини футбол үчүн талаа, административдик имарат, мейманкана, медициналык борбор, бассейн жана эс алуучу жайлар салынары айтылган. Ага жалпысынан 10 миллион доллар керек. Федерация гранттан тышкары башка булактардан да каражат табыларын билдирүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын башында Футбол федерациясы менен кошо футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну өкмөткө сунуш кылган. (GT\SE)