Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

КМШ мамлекеттеринде эң узун балаты Ашхабадга орнотулду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

КМШга мүчө мамлекеттердин ичинде эң узун жаңы жылдык балаты Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадга орнотулду. Анын узундугу 40 метр.

"ТруСтат" порталы жарыялаган рейтингге ылайык, экинчи орунду Армениянын борбору Еревандагы майрамдык балаты ээледи. Ал - 37 метр. Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттеги балаты 36 метр болуп, үчүнчү орунду алды.

Андан соң Баку, Минск, Дүйшөмбү, Москва, Бишкек, Нур-Султан жана Кишинев шаарлары турат.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтына орнотулган балаты жана башка жаңы жылдык жасалгалардын чырактары 13-декабрда күйгүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG