Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Депутат Жаңы жылда салют атпоону мэриядан өтүндү


Архивдеги сүрөт.
Архивдеги сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова Жаңы жыл майрамында салют атпоону мэриядан өтүндү. Ал 26-декабрда парламенттин жалпы жыйынында экологиялык маселеге байланыштуу ушундай билдирүү жасады:

- Маалымат каражаттарынын жазышынча, салюттар сатып алыныптыр. Аны 31-августка (Эгемендик майрамына) калтырып койсо болот. Жаңы жылда салют атууга тыюу салсак деген сунушум бар.

Быйыл Жаңы жылдын кечинде Ала-Тоо аянтында майрамдык программа уюштуруларын мэрия кабарлаган. Салют үчүн 800 миң сом бөлүнгөнү, тендер өткөрүлүп, жеңүүчү аныкталганы да маалымдалган.

Соңку кездери суук күндөрү мештен чыккан түтүн жана автоунаалардан бөлүнгөн газдан улам Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын бири деп табылган.

XS
SM
MD
LG