Австрияга барчуларга 2020-жылдын башынан тартып Бишкектен виза бериле баштайт.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 5-январдан тарта Австриянын Казакстандагы элчилиги Нур-Султан шаарында документтерди кабыл алуучу VFC деп аталган борборду ачат. Бишкекте да анын бөлүмү иштейт. Ал Ибраимов көчөсүнүн 103-дарегиндеги "Victory" бизнес борборунда жайгашкан.
Виза алуу үчүн алдын ала интернет аркылуу арыз бериш керек. Сурап-билүү телефону - (0312) 979261.
Европанын бир канча мамлекеттерине виза берип келген Германиянын Кыргызстандагы элчилиги бул ишмердик 1-январдан токтотуларын билдирген эле. Австрияга барчуларга Нур-Султанга барып, виза алышы керектиги айтылган.
Европанын Шенген визасын Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен алса да болот. (SE)