Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

Москвада оппозициячыл саясатчы Навальныйды кармап кетишти


Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды Москвадагы кеңсесинен полиция кармап кетти. Бул тууралуу Навальный негиздеген "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-декабрда укук коргоо кызматкерлери аталган фонддун Москвадагы кеңсесинин эшигин талкалап киришип, тинтүү жүргүзүшкөн. Навальныйдын өнөктөшү Леонид Волковдун айтымында, полиция келгенде кеңседе 40ка чукул адам болгон. Тинтүү башталганда фонддун юристтеринен башка бардык кызматкерлери сыртка чыгарылган.

Азырынча Навальный эмне себептен кармалганы белгисиз. Бирок Орусиянын тергөө органдары бийликтин жогорку бутактарындагы аткаминерлердин коррупциялык ишмердигин ашкерелеген фондду "акча адалдады" деп айыптап келет. Бул ишке байланыштуу быйыл сентябрь жана октябрь айларында Навальныйдын штабдарында массалык тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөөнүн версиясына ылайык, "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" кызматкерлери 75 миллион рублди мыйзамсыз жол менен алып, аны фонддун банк эсебине которушкан.

Навальный жана анын командасы мындай айыпты жемкорлукка каршы күрөшкөн фонддун ишмердигине тоскоолдук жаратуу аракети катары баалап келет.

XS
SM
MD
LG