Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Кыргыз-өзбек жазуучулары байланышты чыңдоону макулдашты


Эки өлкөнүн Жазуучулар союздарынын төрагалары меморандумга кол коюп жаткан кез.
Эки өлкөнүн Жазуучулар союздарынын төрагалары меморандумга кол коюп жаткан кез.

Кыргыз Улуттук жазуучулар союзу 23-декабрда Өзбекстан жазуучулар уюму менен адабий байланышты арттыруу, котормо жаатында кызматташуу боюнча меморандумга Ташкентте кол койду.

Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баштаган делегация 22-25-декабрь күндөрү Өзбекстанда иш сапарда болду.

Кыргыз жазуучулары расмий жолугушуудан соң Ташкент улуттук университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган музейде, Жызак облусундагы кыргыздар жашаган Манас айылында болушту.

Кыргыз Улуттук жазуучулар союзу буга чейин Азербайжандын, Казакстандын жазуучулары менен биргелешип иштөө боюнча меморандумга кол коюшкан. (ZA)

XS
SM
MD
LG